2- Август 1963 -жылы төкмө акын Алымкул Үсөнбаев көз жумган
Кыргыз ССРинин Эл артисти, төкмө акын Алымкул Үсөнбаев көз жумган.
Алымкул Үсөнбаев 1894-жылы Таластын Кара-Арча деген айылында кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал он эки жашка келгенде атасы дүйнөдөн кайтат. Болочок акын ырчылыкка он үч жаш курагында кирише баштаган. Он төрт жашында улуу акын Токтогулга жолугуп, андан таалим алган. Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштеген.
1938-жылы Алымкул Үсөнбаев Кыргызстан жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган. Акындын отуздай китеби чыккан, тандалган чыгармаларынын бир томдугу 1973-жылы жарык көргөн. Онго жакын китеби орус тилинде чыккан. 1939-жылы ага Кыргыз ССРинин Эл артисти наамы берилген. 1938-1963-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. Кыргыз адабияты менен искусствосуна сиңирген кызматы үчүн Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамоталары менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан