25- Ноябрь 1918 -жылы Венгриялык пацифист Розике Швиммер дүйнө тарыхында эң биринчи элчи айым болгон
Венгриялык пацифист Розике Швиммер дүйнө тарыхында эң биринчи элчи айым болгон. Ал Швецариядагы Венгриянын дипломатиялык миссиясын башкарган.
Швиммер саясатта билимдүү, ар тараптан өнүккөн инсан болгон. Ал айымдардын укугунун, балдардын жана тынчтыктын коргоочусу болуп, Биринчи дүйнөлүк согушта пацифисттик иштерди өнүктүрүп жатып, Австро-Венгриядан чыгып кетүүгө мажбур болгон.
1915-жылы Розике АКШга көчүп, түштүк америкалык миллионер, унаалар падышасы жана магнат Генри Фордду өзүнүн пацифисттик идеяларына багындырган. Согуш бүткөн соң Розике Швиммер мекенине кайтып, Швейцарияда өзүнүн өлкөсүнүн дипломатиялык максаттарын көздөгөн. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан