25- Ноябрь 2003 -жылы Кыргыз Эл жазуучусу Жунай Мавлянов жол кырсыгынан каза болгон
Кыргыз Эл жазуучусу жана Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген мугалими Жунай Мавлянов жол кырсыгынан каза болгон. Ал Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кош-Төбө айылында 1923-жылы 23-октябрда туулган. 1941-жылы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын, 1950-жылы Жалал-Абад мугалимдер институтун, 1952-жылы КМУнун сырттан окуу бөлүмүн аяктаган. 1961-1963-жылдары Москвадагы Жогорку адабияттык курстун угуучусу болуп эсептелген. Ал эми 1942-1944-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка катышып, оор жаракат алган.
Эмгек жолун 1941-жылы Афлатун жана Иринжит айылдарындагы жети жылдык мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган. 1944-1956-жылдары Максим Горький атындагы орто мектепте мугалим, директордун орун басары, директор, 1963-1966-жылдары Караван мектеп-интернатынын директору, 1966-1971-жылдарга чейин Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында катчы, 1971-1988-жылдары "Мугалимдер" гезитинин редактору болгон.
1960-жылы жазуучунун биринчи ырлар жыйнагы "Жүрөк" деген ат менен чыккан. Биринчи прозалык китеби "Бекиш, сага эмне болду?" повести болуп эсептелет. Ал мындан тышкары "Нан", "Жалгыз бутактуу арча" аттуу мыкты аңгемелердин, "Ачык асман", "Бийиктик", "Турмуш", "Кайрымсыз жылдар" аттуу роман, повесттердин автору. Жазуучунун айрым чыгармалары өзбек, тажик, латыш, татар тилдерине которулган. Жазуучу Барадий Мунгуновдун "Кара шамал" повестин жана Василий Сухомлинскийдин "Балама кат" аттуу китебин кыргыз тилине которгон.
Жунай Мавлянов 1973-жылы Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген мугалими, андан соң СССР Эл агартуусунун отличниги, 1960-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун 1-даражадагы ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени, Ардак белгиси медалы, "1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн", "Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн", "1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 20 жылдыгы", В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына "Каарман эмгеги үчүн" медалы, "Эмгек ветераны" медалдар, Кыргыз ССР ЖКнын Ардак грамотасы менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан