19- Апрель 1882 -жылы Англиялык табият таануучу жана саякатчы Чарльз Дарвин каза болгон
Англиялык табият таануучу жана саякатчы, “Адам маймылдан жаралган” деген теориянын автору Чарльз Роберт Дарвин 73 жаш курагында каза болгон.
Жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн келип чыгышы жөнүндөгү эволюциялык окуунун негиздөөчүсү Чарльз Роберт Дарвин 1809-жылы 12-февралда Шрусбери шаарында врачтын үй-бүлөсүндө туулган. Бала кезинен эле минералдардын,өсүмдүктөрдүн жана курт-кумурскалардын коллекцияларын жыйнап, балык кармап, аң уулоого кызыккан. Мектепте окуп жүргөн кезинде эле табияттын сырларын ачууга, канаттуулар менен өсүмдүктөрдүн жашоо тиричилигин байкап үйрөнүүгө, билим алууга умтулган. Агасы экөө химия боюнча тажрыйбаларды жасашкан.
1825-жылы Дарвин Эдинбург университетинин медициналык бөлүмүнө кирген, бирок окуусун уланта алган эмес. Дин кызматчысын даярдай турган Кембург университетине кирип, аны 1831-жылы ийгиликтүү аяктагандан кийин саякатка жөнөп бара жаткан "Бигл" кемесине натуралист болуп орношкон.
Жер шарын айланып чыккан бул экспедиция 5 жылга созулган. Жашоо шарттарына жараша өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн алмашуусун байкоо менен геологиялык түзүлүштү, флораны жана фаунаны изилдеген ар түрдүү коллекцияларды Англияга жөнөткөн. Түштүк Америкадагы кырылып жоголгон жаныбарлардын калдыктарын изилдеп, азыркы убактагы жашаган жаныбарларга жакындыгын, түрлөргө окшоштугун болжолдогон. Антропология жана этнография боюнча эң көп байкоолорду жүргүзгөн.
Чарльз Дарвин эволюциянын негизги кыймылдаткыч факторлору тукум куугучтук, өзгөргүчтүк жана табигый тандалуу деп эсептеген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан