24- Март 1979 -жылы Украиналык ырчы Гайтана төрөлгөн
Украиналык ырчы, “Евровидение-2012” сынагына өз өлкөсүнүн атынан катышкан Гайтана Украинанын Киев шаарында төрөлгөн.
"Гайтана" деген сөздү лингала тилинен (Конго Демократиялык Республикасында тараган тил) которгондо "күчтүү", "улуу" дегенди билдирет. Гайтананын атасы конголук болсо, апасы украин кызы болгон. Ырчы Украинада төрөлүп, бирок 5 жашка чейин Конгодо жашаган.
1985-жылы ата-энесинин ажырашып кеткенине байланыштуу болочок ырчы апасы менен Украинага келет. Ошондон тарта атасы телефон аркылуу гана кызы менен сүйлөшүп турганы болбосо, бир да жолу басып келген эмес.
"Эң мыкты" ("Самый лучший"), "Сагынам" ("Скучаю"), "Жакыным" ("Нет родней"), "Асман" ("Небо") аттуу ырлардын аткаруучусу Гайтана 12 жашында телевизиондук ыр сынагынан 3-орунду жеңип алгандан тарта чыгармачыл жашоого аралаша баштаган. Жергиликтүү "Альтана" деген ансамблдин жетекчиси кичинекей кыздын талантын баалап, өзүнүн тобуна кошуп алган. 2003-жылы орус тилиндеги алгачкы "Сен жөнүндө" ("О тебе") аттуу ыр жыйнагы жарык көргөндөн кийин Гайтана чыгармачыл дүйнөгө баш-оту менен киришкен. Жаңы ырларды биринин артынан бирин жаздырып, Украина менен Орусияда жылдызы жана баштайт. Ырларынын тексттери жана обондорунун дээрлик көпчүлүгү өзүнө таандык. Анын ыр жыйнактарында жалаң гана сүйүү, жашоо тууралуу ырлар орун албастан, жаш балдарга арналганы да жок эмес.
2012-жылы Бакуда өткөн эл аралык "Евровидение" сынагына Украинанын атынан катышкан. Ыр мыкты деңгээлде аткарылганына карабастан, калыстар тобу тарабынан ыры плагиат деп табылып, болгону 65 балл топтоп, 15-орунга араң илинген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан