Айкидо мектебинин негиздөөчүсү Морихэй Уэсиба боорундагы рактан улам көз жумган.
Ал 1883-жылы 14-декабрда Япониядагы Танабе шаарында туулган. Бала чагында көп ооруп, эрте эле буддизмдин сингон экзотерикалык сектасын өздөштүрө баштаган. Ошондой эле синтоисттик кудайлар жөнүндө окуп чыккан. Ал физикалык көнүгүүлөрдү жасап, ден соолугун бекемдеп, дене түзүлүшүн да жакшы абалга келтирген. Мектепти аяктаган соң Токио шаарына барып, окуу куралдарын сатуучу дүкөн ачкан. Иши жылышпагандыктан кайра өзүнүн туулган жери - Танабеге кайтып келет. Ал жерден тэндзин син-йо-рю чебери Тодзава Токусабуронун күрөш искусствосу боюнча курсуна жазылат. Бир жылдан кийин ягю-синкагэ мектебинин принциптерин өздөштүргөн. 1903-жылы үйлөнүп, аскерге кызмат өтөөгө чакырылган.
1949-жылы Япониянын билим берүү министри Морихэй Уэсибага Токиодо мектеп ачууга уруксат берген. Уэсиба көптөгөн адамдарды айкидого үйрөтүп, 1956-жылы бул спортту коомчулукка көрсөткөн.