27- Апрель 1965 -жылы АКШда "Памперс" жалаягына патент берилген
АКШда "Памперс" жалаягына патент берилген. Аны 3 неберелүү америкалык химик Виктор Миллз жасап чыккан. Миллз неберелерин көп карап, жалаяк алмаштыруу машакаттуу болгондуктан, аларды жуубай эле ыргытып салууну туура көргөн. Анын ою боюнча суюктукту сиңирип, ымыркайдын кыймылына жолтоо болбой, алмаштырылышы оңой, бир колдонулуп ыргытылчу жалаяк болушу керек болчу. Анын идеясы боюнча суюктукту сиңирип алчу төшөм ылайыкташылган пластик ич кийимге салынган. Алгачкы үлгүлөрүн неберелерине кийгизип сынаган. Сыноо бул идеянын келечеги бар экенин тастыктаган. 
Бирок алгачкы үлгүлөрүн америкалыктар жактырган эмес. Себеби, пластикке салынган төшөм баланын этин ырбатып жиберген. Андыктан, памперс жаңыча жасалып, сырты жумшак материал менен капталган. 
Бүгүнкү күндө бул жалаяктын түрү көп. Чоң адамдар үчүн да ылайыктуу өлчөмдөрү бар. Бирин ачык космоско чыкканда кийишсе, бирин узак жолдо өтө турган унаа жарыштарга кийишет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан