29- Сентябрь 1936 -жылы Италиялык мамлекеттик жана саясий ишмер, жеке ишкер Сильвио Берлускони туулган
Италиялык мамлекеттик жана саясий ишмер, жеке ишкер Сильвио Берлускони Милан шаарында туулган. Анын атасы банкта иштеген, апасы болсо үй кызматкери болгон. Ал төрөлгөн убакта Италияны Бенито Муссолини башкарып турган жана Германия менен Японияга кошулуп дүйнөнү кайра бөлүштүрүүгө катуу камданып жаткан. 
Берлусконинин балалыгы экинчи дүйнөлүк согуштун түйшүгү астында өткөн. Согуштан кийин акча табыш өтө кыйын болуп, Сильвио куурчак театрында иштеп, ырчы катары акча тапкан. Акча анын эң бир таттуу кыялдарынын бири болгон. Милан университетинин юридикалык факультетинде окуп жүрүп да өзүнүн курсташтарынын үй тапшырмаларын акчага аткарып берген. Окуусун төлөш үчүн ал фотограф болуп да иштеген. 
Университетти аяктагандан кийин ал атасы иштеген банкка кирүүдөн баш тартат. Сильвио кыймылсыз мүлк базарында өз алдынча иштеп, 1962-жылы достору менен өзүнүн биринчи Edilnord компаниясын түзгөн. 
1975-жылы Сильвио түзгөн Eininvest холдинги өзүнүн курамына 150 фирманы баш ийдирип, миллиарддаган долларларды тегерете баштайт. Ал эми Mediaset компаниясы өлкөдөгү бир нече телеканалдарды башкарууга жетишет. Анын Mediaset компаниясына "ItaIiа-1", "Retegattro" жана "Canale 5" деген эң ири үч телеканал баш ийген. Мындан башка реклама компаниясы, телекоммуникациялык фирмасы жана өлкөдөгү 30% китеп рыногун жабдуучу, элүү журнал чыгаруучу Мondadori басмаканасы болгон. 
Медиа рыноктон кийин 1986-жылы Италиянын болочок премьер-министри "Милан" футбол клубун сатып алат. Ошол эле жылы ал оюнчуларды сатып алууга ошол учурдун чен өлчөмү менен алганда өтө чоң акча - 21 млн долларды жумшайт. Эки жылдан кийин Милан Европанын чемпиондор кубогун утуп алып, эң мыкты футболдук клубга айланат. Италиянын футбол чемпионатында ал Eiat концернинин карамагындагы "Ювентус" футбол клубу менен атаандашып келет. Берлускони өзүнүн футбол командасынын аркасы менен аялдар дагы футбол күйөрманы болгон Италияда, өтө атактуу адамга айланат. Анын үстүнө футбол оюндары Берлускони жетектеген телекомпаниялар аркылуу көрсөтүлө баштайт. 
1994-жылы Сильвио өз өмүрүндөгү дагы бир чокуну - саясаттагы чокуну багындырууга аттанат. Ошол жылы ал "Алга, Италия" аттуу кыймыл түзөт. Жана капысынан эле Италиянын премьер-министри болуп чыга келет. Ошондон тартып, аны менен судьялардын ортосундагы кармаш күчөйт. Анткени анын үстүнөн 90дон ашык кылмыш иши козголгон. Премьер-министри 1995-жылы мамлекеттик бир ишкананы сатууга терс таасирин тийгизген жана пара берген, коррупцияга аралашкан деген айыптар коюлган. Натыйжада сегиз ай өтпөй эле ал башкарган өкмөт отставкага кетүүгө аргасыз болот да, өзү болсо, кызматтан чегинет. 7 жыл өтпөй 2001-жылы Берлускони кайрадан премьер-министр болуп шайланат. Бирок соттор аны улам-улам чакырып, айласын кетире берет. Ошондуктан экинчи жолу премьерликке келгенден кийин эле Берлускони жогорку бийлик мунарасындагы беш ийри саясатчынын кол тийбестиги жөнүндөгү мыйзамды парламентте кабыл алдырууга жетишет. Талдоочулардын айтымында мыйзам Сильвионун үстүнөн козголгон кылмыш иштерин токтото туруу үчүн атайлап жазылган дешет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан