29- Сентябрь 1943 -жылы Мамлекеттик ишмер Дамир Лисовский туулган
Мамлекеттик ишмер Дамир Лисовский Орусиянын Куйбышев (азыркы Самара) шаарында туулган. 1960-1964-жылдары Фрунзедеги курулуш техникумунда техник-технолог адистиги боюнча билим алган. 1976-1978-жылдары Марксизм-Ленинизм университетинде билимин өркүндөткөн. Эмгек жолун 1965-жылы Курулуш министрлигинин Оштогу ЖБИ-4 заводунда мастерликтен баштаган. 1967-1982-жылдары Оштогу ЖБИ-2 заводунда цехтин башчысы, директордун өндүрүш боюнча орун басары болуп иштеген. 1982-2008-жылдары өнөр жай ишканалары комбинатында иштеген. 2008-жылдын 26-сентябрында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп, андан кийин бул кызматка бекитилиген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан