29- Сентябрь 1951 -жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери Алмазбек Мамбетказиев туулган
 Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери, Саламаттыкты сактоонун отличниги, Кыргыз өлкөсүндөгү Стоматологдор ассоциациясынын экс-вице-президенти Алмазбек Мамбетказиев Нарын шаарында туулган.
Алмазбек Мамбетказиев 1958-жылы Чүй облусунун Чүй районунун Кегети айылында 1-класска барган. 1964-жылы Фрунзе шаарына которулуп, Кыргыз өлкөсүнө белгилүү №5-шаардык орто мектепке 7-класска отуруп, 1968-жылы ийгиликтүү бүтүргөн. Мектепти бүткөндөн кийин 1968-1969-жылдары "Кыргызмебель" бирикмесинде чогултуучу жыгач уста болуп иштеген. 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун стоматология факультетине өтүп, 1974-жылы ийгиликтүү аяктап, дарыгер-стоматолог адистигин алган.
1974-жылдан баштап 1976-жылдын ноябрь айына чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин жолдомосу боюнча Нарын облусунун Ат-Башы райондук борбордук ооруканасында дарыгер-стоматолог болуп иштеген.
1976-жылдын ноябрь айынан 1978-жылдын ноябрь айына чейин Фрунзе шаарындагы №1 тиш дарылоочу эмканада дарыгер-стоматолог болуп эмгектенген.
1978-жылдын ноябрынан 1981-жылдын ноябрь айына чейин өткөрүлгөн атайын тандоодон кийин Германия Демократиялык Республикасында дарыгер-стоматолог болуп кызмат кылган.
1982-жылдан 1986-жылдын ноябрына чейин №1 шаардык тиш дарылоо эмканасында бөлүм башчы болуп иштеген.
1986-жылдын ноябрь айынан 1995-жылдын ноябрь айына чейин ошол эле эмканада баш дарыгердин дарылоо боюнча орун басары болуп эмгектенген. 1995-жылдын ноябрынан баштап Бишкек шаарынын №3 тиш дарылоочу эмканасында башкы дарыгер болуп өмүрүнүн акырына чейин үзүрлүү кызмат өтөгөн.
Алмазбек Мамбетказиев 1993-жылы Кыргыз Республикасынын ардактуу медицина кызматкери наамын алган, Жогорку даражадагы дарыгер-стоматолог.
Ал эми 2000-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери ардактуу наамына татыктуу болгон.
Алмазбек Мамбетказиев 1997-2006-жылдары Бишкек шаарынын башкы тиш дарыгер-стоматологу, 1999-2004-жылдары Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты болгон.
2008- жылы Орусия мамлекетинин Н.И.Пирогов атындагы сыйлыгынын лауреаты, Орусия Федерациясынын 
коопсуздук, коргонуу жана тартип Академиясынын академиги, 2000-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Стоматология ассоциациясынын вице-президенти. Жетишкен ийгиликтери үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Бишкек мэриясынын, Биринчи май райондук администрациясынын, профсоюз органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын ардак грамоталары менен сыйланган. Үй-бүлөлүү, 2 кыздын жана 1 уулдун атасы, неберелердин таятасы. ХХ кылымдын акыркы он жылдыгынан өмүрүнүн акырына чейин "Кегети" коомдук фондунун президенти болуп, Кыргызстан үчүн, анын ичинен Кегети айылынын өнүгүүсү үчүн зор эмгек сиңирген.
Алмазбек Мамбетказиев 2012-жылы 22-январда каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан