21- Октябрь 2010 -жылы Кыргыз эл акыны Жалил Садыков каза болгон
Кыргыз эл акыны Жалил Садыков 78 жаш курагында дүйнө салып, өзүнүн туулган күнүндө жерге берилген.
Жалил Садыков 1932-жылы 23-октябрда Кемин районунун Кичи-Кемин айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университеттин филология факультетинен билим алганга чейин туулуп өскөн айылында чарбада, Ак-Түз кенинде иштеген.
Окууну ийгиликтүү бүткөндөн кийин “Кыргызстан пионери” гезитинде бөлүм башчы болуп чыгармачылык чыйырын баштаган. Студент кезинде анын “Убада” деген алгачкы ыр жыйнагы жарык көрүп, кийинчерек “Ленинчил жаш”, “Кыргызстан маданияты” гезиттеринде башкы редакторлук кызматта иштеген.
1981-1985-жылдары Кыргызстандын Жазуучулар союзунун Нарын жана Ысык-Көл облустары боюнча адабий кеңешчиси болуп турганда кыргыздын ондогон жазмакер таланттуу жаштарын тарбиялап чыгарган.
Жалил Садыков Ата Мекен, эне, жаратылыштын кооздугу, арзуу темасындагы поэтикалык жыйырмадан ашуун ыр китебин чыгарган. Ал “Жайкы таңда”, “Сары өзөн”, “Сырдашуу”, “Жоогазын”, “Топ жылдыздар” сыяктуу ондогон поэтикалык жыйнактары аркылуу чыныгы сөз чебери, залкар акын катары окурмандардын урмат-сыйына арзыган.
Анын элдик ырга айланып кеткен “Сүрөтүңө”, “Жайлоодо” сыяктуу ондогон ырларына обон чыгарылып, эл арасында азыркыга чейин ырдалып жүрөт.
Жалил Садыков улуу классик акындар Александр Пушкиндин, Михаил Лермонтовдун, Тарас Шевченконун, Омар Хаямдын, Расул Гамзатовдун, Кайсын Кулиевдин, Ясыр Шивазанын жана башка көптөгөн акындардын ырларын кыргыз тилине которгон. Ал эми Жалил Садыковдун чыгармалары дүйнөнүн ондогон тилдерине которулган, бир катар драмалары көптөгөн чет өлкөлүк театрлардын сахналарында коюлган.
Аны калемдештери кыргыздын Шекспири деп аташкан. Ал биринчилерден болуп “Манас” эпосунун негизинде “Манастын уулу Семетей”, “Сейтек” эпикалык драмасын, “Айкөл Манас” үчилтигин жазып, улуттук кыргыз драма театрынын сахнасында зор ийгилик менен коюлган.
Ал эми “Табылды Жукеев-Пудовкин”, “Боз торгой”, “Эр төштүк”, "Ак Мөөр", "Шабдан баатыр", "Адам жана Азезил", "Мен арызданам" жана башка пьесалары республиканын театрларында сахналаштырылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан