31- Март 1988 -жылы
“Азия Микс” командасынын өзгөчө оюнчусу Бактияр Касымалиев төрөлгөн
“Азия Микс” командасынын өзгөчө оюнчусу Бактияр Касымалиев Бишкек шаарында 1988-жылы 31-мартта төрөлгөн. 7-классынан тарта Тамашакөй тапкычтар клубунда ойноп баштаган. Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин бүтүргөн. Кесиби боюнча программист. “Тамашоудо” да ойноп, 2008-жылы Элдияр Кененсаров менен таанышып калып, анын чакыруусу менен ошол убактагы “KG Club” долбооруна барган. Ошондон кийин “Большие люди” долбоорунун мүчөсү, андан соң “Азия Микс” командасынын оюнчусу болуп калган.