26- Апрель 1980 -жылы Актёр, продюсер, бийчи жана модель Ченнинг Тейтум төрөлгөн
Актёр, продюсер, бийчи жана модель Ченнинг Тейтум АКШнын Алабама штатынын Каллмэн шаарында 1980-жылы 26-апрелде төрөлгөн. 
Балалыгы АКШнын Каллмэн шаарында өтүп, 6 жашында үй-бүлөсү менен айылга көчүп барышкан. Окуудан тышкары америка футболу, жеңил атлетика, бейсбол менен алектенип, кунг-фу менен да машыккан. 1998-жылы Батыш Виржиниянын колледжинде окуусун улантуу бактысы буюрган. Бирок ал жакта көпкө кармалбай үйүнө кайтып келе берген. 
Ченнинг 15 жашынан тартып түнкү клубдардын дайымкы кардарына айланган. Башында тартынып четте гана элди карап турса, кийинчерээк бий аянтынын "падышасына" айланып чыга келген. Келечек тууралуу ойлоону да каалабаган болочок актёр куруучу, дүкөндө сатуучу, ветеринардык клиникада жардамчы, анан да стриптиз бийчи болуп иштейт. Бара-бара кийинки жашоосун ойлонуп, бул кесибин таштаган. 
Тейтумдун чыгармачылыктагы тушоосу Рикки Мартиндин "She Bangs" клибинен кесилген. Андан соң бат эле моделдик агенттиктерге чакырылып, Dolce & Gabbana, Emporio Armani сыяктуу бир катар беделдүү бренддер менен иштешет, жарнамаларга тартылган. Биринчи жолу "C.S.I.: Кылмыш орду – Майами" сериалында эпизоддук ролду ойногон.Андан кийин эле "Бир кадам алдыга" тасмасындагы башкы ролу ага чоң атак алып келген. Андан соң "Бир кадам алдыга-2: Көчөлөр", "Мачо менен ботан", "Супер Майк" тасмаларына тартылып, бат эле жылдызы жанып чыга келген.
Ченнингдин "33andOut Productions" деген кино тартуучу компаниясы бар. 2001-жылы "Tear Sheet" журналынын версиясы боюнча "Эң келишимдүү 50 адамдын" катарына кирген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан