26- Апрель 1999 -жылы CIH же "Чернобыль" компьютердик вирусу дүйнө жүзү боюнча жарым миллиондой компьютерди иштен чыгарган
1998-жылы июнь айында Чэнь Инхао аттуу тайвандык студент тарабынан жазылган CIH же "Чернобыль" компьютердик вирусу Чернобыль окуясынан 1 жыл өткөн соң активдештирилип, дүйнө жүзү боюнча жарым миллиондой компьютерди иштен чыгарган. Чернобыль атомдук станциясында болгон авария менен вирустун активдештирилген датасы бирдей болгондуктан, дал ушундай ат коюлган. Бул вирус бир гана Windows 95/98/ME операциондук системинде иштейт. 
"The Register" басылмасынын маалыматына ылайык, 2000-жылы 20-сентябрда Тайвань бийлиги вирустун жаратуучусун кармаган. Учурда ал тайвандык "Gigabyte Technology" ири компаниясында эмгектенет (2016).
Чэнь Инхао вирусту алгач өзү окуган университеттин компьютерлерине орноткон. Ал жактан Австрия, Австралия, Израиль жана Улуу Британияга тараган. Кийинчерээк Орусияга да жайылып, АКШдагы оюн таратуучу серверлерине жугуп, ал жактан дүйнө жүзүнө тарап кеткен. Вирустуу компьютерлердин бардыгынын катуу дисктериндеги маалыматтар өчүп, микросхемалар күйүп кеткен. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан