26- Апрель 1980 -жылы "Форсаж" тасмасындагы башкы каармандын ролу менен таанылган актриса Жордана Брюстер туулган
"Форсаж" тасмасындагы башкы каармандын ролу менен таанылган бразилия-америкалык актриса Жордана Брюстер Панама Республикасында туулган. Төрөлгөн соң Лондондо жашап, 6 жашында Рио-де-Жанейрого көчкөн. Ал жактан балдардын телеберүүсүндө бийчинин ролун аткарып көңүл бурдурган. 10 жашында Нью-Йоркко көчүп, мектепти бүтүп, Йель университетинде окуган. 1995-жылдан тарта операларда ойногон. 1998-жылы "Факультет" тасмасына тартылган. 2001-жылы Камерон Диас менен биргеликте "Көрүнбөгөн цирк" ("Невидимый цирк") тасмасында ойногон. Ошол эле жылы "Форсаж" тасмасына тартылып, атактуулукка жетишип, мыкты актирсалардын катарынан орун алган. 2011-жылы "Даллас" сериалында Элена Рамостун ролун жараткан. .
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан