27- Апрель 2016 -жылы Чыныбай Турсунбеков VI чакырылыштын депутаттары тарабынан спикерликке шайланган
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков парламент төрагасы кызматына шайланган. Анын талапкерлигине 88 депутат добуш берип, анын атаандашы "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев 26 добуш топтогон. Ал эми "баарына каршы" 3 депутат чыгып, 3 бюллетень жараксыз деп табылган. Жалпысынан 120 бюллетень берилген. Буга чейин, 20-апрелде Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайлоо өтүп, талапкерлер: "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев 51:51ден бирдей добуш алышкан. Мындан улам жаңы талапкерлер менен жаңы шайлоо өткөрүү жарыяланган. 22-апрелде КСДП фракциясы Ч.Турсунбековдун спикерликке талапкерлигин коюуну бир добуштан колдогон. Мындан тышкары анын талапкерлигин колдой турганын "Ата Мекендин", "Республика - Ата Журттун" жана "Бир болдун" лидерлери айтышкан. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети 26-апрелде парламенттин төрагасы кызматына Чыныбай Турсунбековдун, 27-апрелде Исхак Масалиевдин талапкерликтерин бир добуштан жактырган.
Турсунбеков 2017-жылы 25-октябрда төрагалык кызматтан кеткен.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан