7- Май 2014 -жылы Баткен районуна караштуу Көк-Таш айылына жакын жерде Кыргыз Республикасы менен Тажикстан жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан
2-майда Түндүк-түштүк альтернативдик унаа жолунун курулушу расмий түрдө башталган.
7-майда кечке жуук Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Көк-Таш айылында кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда жаӊжал чыккан. 
Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чыр чыгышына Баткен-Исфана жолу менен бара жаткан кыргыз жараны Данияр Сулаймановдун автоунаасы тажикстандыктар тарабынан таш бараңга алынуусу себеп болгон. Териштирүү учурунда эки тараптан миңден ашуун адам топтоло калып, жаңжал бири-бирине таш ыргытууга жеткирген. Кийинчерээк тажик жарандары Баткен-Исфана жолун тосууга аракет кылышкан. Урушту басуу үчүн Баткен облусунун чек арачылары менен укук коргоо органдарынын кызматкерлери келишкен. Чыр ырбап отуруп, түнгө карай Тажикстандын жарандары тарабынан Самаркандек айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Терек жана Орто-Боз айылдарында кыргыздарга караштуу май куюучу станция, 3 дүкөн, 2 жүк ташуучу унаага өрт коюлган. Жаңжалдын катышуучулары түн ооп, саат 3төрдө үй-үйлөрүнө тараган. Окуянын жыйынтыгында Баткен шаарында жайгашкан ооруканага Кыргызстандын 9 жараны жеткирилген. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан