7- Май 1969 -жылы
“Инсан” тобунун негиздөөчүсү, обончу, аранжировкачы Эркин Мээрканов төрөлгөн
“Инсан” тобунун негиздөөчүсү, обончу, аранжировкачы Эркин Мээрканов Ысык-Көл облусуна караштуу Маман айылында төрөлгөн. Бала кезинен келечегин музыкант катары көрүп, музыкалык мектептен билим алган. Ошондо эле скрипка, фортепиано сыяктуу түрдүү музыкалык аспаптарда ойногон.
1990-жылы “Инсан” тобун негиздеп, синтезатордо ойноп жүргөн. 1994-жылы топтун ырчысы жеке чыгармачылыкка аттанып, топ көпкө эс алган. 1998-жылы Тынай Алыбаев киргенде топтун экинчи өмүрү башталган.