7- Май 1947 -жылы Кыргыз Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Мелис Асылбашев төрөлгөн
Кыргыз Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, хореограф, балетмейстер Мелис Асылбашев 1947-жылдын 7-майында Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. 1967-жылы Ленинград академиялык хореографиялык окуу жайын аяктап, 1972-жылдан тартып балетмейстердик ишмердүүлүктү аркалай баштаган. Кыргыз опера жана балет театрынын сахнасында Бизе-Щедриндин "Кармен-сюита", П.Чайковскийдин "Лебединое озеро, "Белый пароход" жана башка балет-спектаклдерин ийгиликтүү койгон. 1982-жылдан тартып "Ак марал" улуттук бий ансамблинин башкы балетмейстери жана көркөм жетекчиси болуп иштеп келген.
2014-жылы 16-августта  67 жаш курагында каза болгон. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан