Мельхиор Ндадайе 1953-жылы 28-мартта туулган. 1976-жылдан 1979-жылга чейин Бурунди мамлекетиндеги куугунтукталган студенттик кыймылдын башчысы болуп эмгектенген. Ал эми 1979-жылы Бурундидеги Жумушчу партиясын түзүүчүлөрүнүн бири болгон. 1993-жылы 10-июлда Мельхиор Ндадайе президенттик кызматка отурган. Ал бийликке келгенден тарта Бурунди мамлекетиндеги хуту жана тутси элдеринин ортосундагы каршылыктарды жөнгө салууга аракет кылган. Жыл сайын, 21-октябрда Бурунди мамлекетинде Мельхиор Ндадайени эскерүү күнү белгиленип турат.
Дүйнөдөгү эң кедей өлкөлөрдүн бири болуп эсептелген Бурунди мамлекети Африканын чыгышында жайгашкан. Аянты 27 миң 830 чарчы километрди түзөт. 1962-жылдын 1-июлунда мамлекет катары түптөлгөн.