26- Апрель 2004 -жылы Алайда жер көчкү жүрүп, 33 киши көз жумган
Ош облусуна караштуу Алай районунун Будалык айылынын Кайнама аймагында жер көчкү жүрүп, 12 үй көчкүнүн алдында калган. Андан сырткары 33 адам каза болуп, 11 киши жаракат алып ооруканага жеткирилген. Маалыматтарга караганда, набыт болгон 33 адамдын он алтысы чоң киши, алтысы окуучу, он бири мектеп жашына чейинки балдар болгон. Үйлөрдү басып калган көчкүнүн көлөмү 3 миллион куб метрден ашык болгон. Кырсыктан жабыркагандарга Кыргыз мамлекетинен тышкары АКШнын өкмөтү 44 миң 822 долларлык (күрмө, тамак, керебет, кийим-кече, идиш-аяк) жардам, Орусия 6 миллион рубль өлчөмүндөгү жардамын көрсөткөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан