7- Май 1976 -жылы
Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев төрөлгөн
Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев 1976-жылы 7-майда Баткен облусундагы Лейлек районунун Чимген айылында туулган. Ал 2005-жылы Кыргыз Агрардык университетин бухгалтердик эсеп жана аудит адистигине ээ болгон.
Эмгек жолун 1995-жылы Бишкек шаарындагы "Датка" жоопкерчилиги чектелген коомдо экспедитор, менеджер болуп иштөө менен баштаган.
- 1999-2000-жылдары "Торговый дом качества" жабык типтеги акционердик коомдо директордун орун басары;
- 2001-2003-жылдары Бишкек шаардык финансалык башкармалыктын ички аудит бөлүмүндө жетектөөчү адиси;
- 2003-2007-жылдары Талас, Чүй облустары жана Бишкек шаары боюнча ички аудит бөлүмүндө жетектөөчү адиси;
- 2012-2013-жылдары "КыргызНефтьПром" жоопкерчилиги чектелген коомунда аткаруучу директору;
- 2015-жылы "Республика - Ата Журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.