Кубат Оторбаев 1972-жылдын 13-сентябрында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылында жарык дүйнөгө келген.
Жогорку билимдүү.
1995-жылы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
1994-2000-жылдары — "Асаба" гезитинин корреспонденти, башкы редактордун орун басары;
2000-жылы — "Кыргыз Руху" гезитинин башкы редактору;
2000-2002-жылдары - Тынчтык жана согушту чагылдыруу боюнча IWPR Британ институтунда стрингер;
2002-2005-жылдары - "Азаттык" радиосу менен Интернет-сайттын корреспонденти жана редактору;
2005-жылы — "Азаттык медиасынын" директору;
2010-жылы — Коомдук телерадио корпорациясынын убактылуу башкы директору;
2010-2014-жылдары — Коомдук телерадио корпорациясынын башкы директору болуп дайындалган.
2015-2018-жылдары Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы болуп иштеген.