29- Сентябрь 2011 -жылы Жүрөктүн бүткүл дүйнөлүк күнү
Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү 1999-жылдан бери белгиленип келет.
Бүткүл дүйнөлүк жүрөк федерациясынын “Сак-саламат жүрөк үчүн биригели!” деген урааны менен уюшулган иш-чара 2007-жылдын 30-сентябрында Бишкек шаарында өткөн. Бүткүл дүйнөлүк жүрөк федерациясына жүздөн ашуун өлкөнүн 189 кардиологиялык уюму баш кошкон. Кыргыз өлкөсү бул федерацияга 2006-жылы мүчө болгон.
Адистердин айтымында, жүрөк, кан тамыр дартынан каза болгон адамдардын саны жагынан Кыргыз өлкөсү алдыңкы он өлкөлөрдүн катарына кирет. Статистикалык маалыматтарга ылайык, ар жылы республикада жүрөк оорудан 18 миң чамалуу адам каза болсо, дүйнө жүзүндө жылына жүрөк дартынан 17 миллион 500 миң адам көз жумат.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан