24- Апрель 1942 -жылы Америкалык ырчы жана актриса Барбра Стрейзанд туулган
Америкалык ырчы жана актриса Барбра Стрейзанд АКШнын Нью-Йорк штатындагы Бруклин шаарында туулган. Барбра Стрейзанд мектеп курагында хордо ырдап, музыкага болгон кызыгуусу күч болгон. Бирок ырчы болом деген тилегин апасы колдогон эмес. Апасы кызынын өң келбетин ырчылыкка туура келбейт деп эсептеген. Ошентип 1959-жылы Барбра Стрейзанд мектепти аяктап, ар кандай кароо-сынактарга катыша баштаган. Анын ырчылыкка караганда актриса болуу максаты алдыңкы орунда болгон. 1962-жылы Барбра Стрейзанд эң алгачкы жолу Бродвейде чакан мюзиклде ойногон, бирок ошол чакан мюзикл ырчыга чоң ийгилик алып келген. Ошол эле жылы "Columbia Records" менен келишим түзгөн. Ал эми 1963-жылы ырчынын "The Barbra Streisand Album" аталыштагы алгачкы дебюттук альбому жарык көргөн. Дал ошол альбому үчүн Барбра Стрейзанд эки "Грэмми" сыйлыгына арзыган. Ошентип өзүнүн бүткүл музыкалык карьерасында 60дан ашык альбом жаздырган.
Барбра Стрейзанд композитор, режиссёр, продюсер жана саясий активист катары да белгилүү. Анын сыйлыктары тууралуу айта турган болсок, "Мыкты актриса", "Мыкты өзгөчө ыр" деп эки "Оскарга" ээ болсо, "Эмми", "Грэмми", "Алтын глобус" сыйлыктарынан да куру кол калган эмес.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан