2- Декабрь 1804 -жылыНаполеон Бонапарт өзүн император деп жарыялаган
Жаш кезинен кедейчиликтин каарын тарткан Наполеон Бонапарт мансапка умтулуп, бийликке жетүүнү эңсеген. Анын өзгөчө ишмердүүлүгү генералдык чинге жеткизген. Ал Франциянын императору болгондон кийин дипломатия, мыйзам чыгаруу өңдүү татаал иштерди колго алып, Испания жана Орусияга жортуул баштаган.