25- Апрель 1840 -жылы Орус композитору Пётр Чайковский туулган
Атактуу орус композитору Пётр Ильич Чайковский Воткинскийде Камско-Воткинск заводунун начальнигинин үй-бүлөсүндө туулган. Ал чыгармачылыкка 1862-жылдан баштап толугу менен киришкен. Анткени, Чайковский бала чагынан эле музыка жазганды, музыкалык инструментте ойногонду, дирижёр болгонду жакшы көргөн, эңсеген. Чайковский 36 жашында Москва консерваториясынын профессору болуп, 2 операнын, 3 симфониянын автору болгонго жетишкен. 
Музыка дүйнөсүнүн тарыхында улуу композиторлордун катарына кирген Пётр Ильич Чайковский 1893-жылы 25-октябрда 53 жашында Санкт-Петербург шаарында каза болгон. Ал өзүнүн артынан 100 чукул чыгармаларды, 100дөгөн романс, ондогон балет, опера, сюиталарды таштаган. "Ак куу көлү" ("Лебединое озеро"), "Уйкудагы сулуу" ("Спящая красавица"), "Щелкунчик" аттуу балеттери азыркы учурга чейин популярдуулугун жоготпой келет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан