25- Апрель 1940 -жылы Америкалык актёр Аль Пачино төрөлгөн
Америкалык актёр Аль Пачино Нью-Йоркто төрөлгөн. Өз аты Альфредо Жеймс Пачино. 50дан ашуун киного тартылып, "Оскар", "Алтын глобус", "Эмми" ж.б. сыйлыктарга татыктуу болгон.
Альфредонун тубаса таланты мектепте байкалып, мектепте коюлган алгачкы спектаклде анын аткаруучулугу көп­төрдү таң калтырган. 17 жашында чыгармачылыкты тандап, мектепти таштап, курьерлик жумушка орношот. Анткени, актёрлук билимге ээ болуу үчүн каражат керек болгон. Тиешелүү сумманы топтогон соң Альфредо Америкадагы эң мыкты деген Ли Страсберг аттуу актёрлук мектепке кирген. Мектепти бүткөн соң, алгач театрда иштеп жүрүп акырындык менен киного өтөт. Пьесадагы алгачкы ролу үчүн "эң мыкты актёр" деген атка татыган. Ал эми киного тартылган биринчи ролу Аль Пачиного эч кандай ийгилик алып келген эмес. Бирок, экинчи тартылган "Өкүл ата" ("Крёстный отец") фильминен кийин Аль Пачинонун жылдызы жанган.
Френсус Форд Копполенин "Өкүл ата" ("Крёстный отец") криминалдык фильминин башкы каарманына Аль Пачинону сунушташат. 20 мүнөттүк киносынактан кийин башкы каарман Майк Карлеонинин ролу Аль Пачиного таандык болуп калат. Ал ролду Жек Николсон аттуу актёрго берүү керек деп талашкан продюсерге режиссёр Френсус Форд Копполе караманча каршы чыккан. "Эгерде бул ролду Аль Пачиного бербесеңер, анда кинону менсиз тарткыла" деген кескин бүтүмдөн улам бул роль Аль Пачиного ыйгарылган.
Тубаса таланты, чоң роль жаратуу үчүн умтулуусу чындыгында эле Аль Пачиного болуп көрбөгөндөй даңк алып келген. Бул фильм жарыкка чыккан соң, Аль Пачинонун сүрөтү басма сөз бетине жайнап, мына ушундан баштап анын чыныгы актёрлук жолу башталган. Бирок актёр ичкиликке ооп баштаган. Алгач кинону таштап театрга кетип, аздан соң ал жактагы жумушун да таштап, биротоло ичкиликке ооп кеткен. Ичип, баңгиза­тын колдонуп, төрт жылдан кийин гана кайра катып келген.
Досу режиссёр Синди Поллок Аль Пачинонун кайрадан киного келишине чоң салым кошкон. Досунун жардамы менен атайын аракечтиктен жана баңгиликтен дарылоочу клиникага жатып дарыланган соң, Аль Пачино кайрадан киного кайтып келген. Анын кайтып келгендеги биринчи ролу да аракечтин ролу болгон. Бул роль дагы Аль Пачиного чоң атак алып келген.
Андан сырткары Аль Пачино "Падыша Лир" ("Король Лир"), "Оушендин 13 досу" ("Тринадцать друзей Оушена"), "Периштелер Америкада" ("Ангелы в Америке") ж.б. тасмаларында роль жараткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан