25- Апрель 1978 -жылы Советтик актриса Варвара Мясникова каза болгон
“Чапаев” тасмасында пулемётчу Анканын ролун аткарган советтик актриса Варвара Мясникова 77 жаш курагында Москвада каза болгон.
РСФСРдин Эл артисти Варвара Мясникова 1900-жылы 22-сентябрда Санкт-Петербургда туулган. 1922-жылы жогорку окуу жайды аяктап, ошол жылдан тартып театрда актриса болуп иштей баштаган. Андан соң Ленинграддагы Чоң драма театрына кирип, 1928-жылдан тартып "Ленфильм" киностудиясында тартыла баштаган.
Варвара Мясникова убагында бүткүл Совет эли жакшы көргөн "Уйкудагы сулуу" ("Спящая красавица"), "Үч аскер" ("Три солдата"), "Чапаев", "Күлчү кыз" ("Золушка"), "Му-му" ж.б. тасмаларында роль жараткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан