Орусиялык телеалпаруучу, журналист Ксения Собчак Ленинградда туулган. Ал Санкт-Петербург шаарынын алгачкы мэри Анатолий Собчактын кызы. Ксения Собчак 2002-жылы МГИМОнун эл аралык мамилелер факультетин аяктаса, 2004-жылы ошол эле окуу жайдан саясат таануу адистиги боюнча магистр даражасын алган.