28- Апрель 1944 -жылыТөрөбай Кулатов СССР Жогорку Кеңешинин X сессиясында сөз сүйлөгөн
Кыргыз ССРинин өкмөт башчысы Төрөбай Кулатов СССР Жогорку Кеңешинин X сессиясында сөз сүйлөп, республиканын эмгекчилери фронтко 300 вагон белек, аскерлер үчүн 600 миңден ашык кийим-кече, учак жана танктарды жасоого 200 миллион рубль акча бергендигин билдирген.