Орусиялык ырчы, телеалпаруучу Юлия Ковальчук Орусиянын Волжский шаарында туулган. Ал мектепти аяктаган соң Москвадагы мамлекеттик маданият жана искусство университетине тапшырып, ийгиликтүү бүтүргөн. Юлия Ковальчук 2001-жылдан 2007-жылга чейин "Блестящие" тобунда ырдап, 2008-жылдын 16-январынан тартып жеке карьерасын баштаган.