21- Ноябрь 1813 -жылы бугу уруусунун өкүлдөрү Качыбек Шералы уулу менен Жакыпбек Ниязбек уулу баштаган элчилер Орусияга жөнөтүлгөн
бугу уруусунун бийлери Ысык-Көл өрөөнүнөн Качыбек Шералы уулу менен Жакыпбек Ниязбек уулу баштаган элчилерди Орусияга жөнөтүшкөн. Алар 1814-жылы 5-январда Семипалатинск чебине жетишкен. Элчилер андан ары Тобольск шаарына барып, орустар менен соода байланышын түзүүнү жана кыргыздардын жери аркылуу Кытай, Тибет, Кашкар, Жаркент тарапка өтүүчү орус соодагерлерине жардам көрсөтүүнү каалап жатканын Батыш Сибирдин генерал-губернаторуна оозеки билдиришкен. Ошондой эле элчилер губернатордон аларды Санкт- Петербургга падыша менен жолугушууга жөнөтүүсүн өтүнүшкөн. Бирок Санкт-Петербургдун алыстыгына байланыштуу кыргыз элчилеринин өтүнүчү канааттандырылган эмес. Элчилерге орус армиясынын капитаны чини берилген. Алар Кыргыз жергесине 1815-жылы кайтып келишкен.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан