14- Январь 1989 -жылы
Орусияда музыкалык “Любэ” тобу түзүлгөн
Орусияда музыкалык “Любэ” (аталышы топтун лидери Николай Расторгуев туулган Подмосковьедеги Люберцы шаарынын аталышынан келип чыккан) тобу түзүлгөн.
Дал ушул күнү белгилүү композитор жана продюсер Игорь Матвиенко түзгөн топко Расторгуев кошулуп, анын үнү менен эң алгачкы "Батька Махно", "Люберцы" аттуу ырлары жаздырылган. Бул ырлардан кийин эле топтун атактуулукка болгон жолу ачылып, көпчүлүктүн көңүл борборунан орун тапкан. Эки жылдык гастролдук сапарынан кийин айтылуу "Атас" альбому жарыкка чыккан. Топтун ийгиликтерине Николай Расторгуевдун түздөн-түз салымы чоң экендигине далил катары алардын 3 жыл ичинде койгон 800 концертиндеги 3 миллиондон ашык калктын “Расторгуев, сен мыктысың!” деп колдоп турушкандарын айтууга болот.
Айта кетчү нерсе, 1939-жылдардагы аскердик форма үлгүсүндөгү кийимди сахна кийими катары алып жүрүшүнө Орусия эстрадасынын примадоннасы Алла Пугачёванын кеңеши түрткү болгон.