24- Январь 2007 -жылы Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Даниал Назарматов көз жумган
Кыргызстанда гитара искусствосунун негиздөөчүсү, Маданият министрлигинин мурдагы жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Даниал Назарматов көз жумган.
Дүйнө элдеринин шайырларына орток байыркы чертме музыкалык аспап  - гитарада манжаларын жорго салдыра ойноп, черткен күүлөрү менен кумар кандырган, кыргыздын тунгуч гитарачысы, гитара өнөрүнүн мектебин негиздеген, музыка изилдөөчү, педагог, профессор Даниал Назарматов 1940-жылы Нарын шаарында туулган. 
Даниал Назарматов 1968-жылы Москвадагы П.И.Чайковский атындагы Консерваториянын алдындагы музыкалык окуу жайдын атактуу дүйнөлүк ысымдагы гитарачы Иванов - Крамскойдун классын, ал эми 1976-жылы Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүрөт. Ал алгачкы эмгек жолун Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынан баштайт. Ал жакта 1968-1979-жылдары мугалим, 1969-1971-жылдары Бишкектеги балдардын П.Ф.Шубин атындагы музыкалык мектебинин директорунун орун басары, 1976-1982-жылдары Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын көркөм жетекчиси, 1982-1990-жылдары директору, ошол эле учурда 1987-жылдан Бүткүл союздук музыкалык коомдун Кыргыз бөлүмүнүн төрагасынын орун басары, 1991-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын маданият министри, ал эми 1993-жылдары А.Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын генералдык директору болгон. 
Даниал Назарматов 1990-1995-жылдары легендарлуу Жогорку Кеңештин депутаты болуу менен бирге басса-турса, кайда барса да колунан гитарасын түшүрбөй улуу шайырлардын күүлөрүн, обондорун гитара үчүн иштеп чыгат. Алсак, Карамолдо Орозовдун “Көкөй-кестисин”, “Ибаратын”, “Жаш Кербезин”, Муратаалы Күрөңкеевдин “Кер-Өзөнүн”, Асанбек Кыдырназаровдун “Кыргыз көчүн” жана башка күүлөрдү. Даниал аталган күүлөрдү гитарага салууда күүлөрдөгү кайталангыс мукамдуу кайрыктардагы көп түстүү көркөм боёкторду, эки аспаптын биринин обонун экинчиси толуктаганын кооздуктарды, мукамдуулуктарды өчүрбөй жогорку чеберчиликте иштеп чыккан. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан