13- Сентябрь 1855 -жылы
Улуу жүз казактардын көзөмөлдөөчүсү М.М.Хоментовский сарыбагыш манабы Жантай Карабековго кат жолдогон
Улуу жүз казактардын көзөмөлдөөчүсү М.М.Хоментовский сарыбагыш манабы Жантай Карабековго кат жолдогон. М.М.Хоментовскийдин катында бугу менен сарыбагыштардын ортосунда согуш жүрүп, кагылыштан Ормондун өлгөнү туурасындагы маалымат орус бийлигине белгилүү болгондугу жазылат.
Мындан тышкары Ормон шейит учкандан кийин сарыбагыш уруусуна Жантайдын бийлиги орногондугу белгиленип, ага калк арасындагы бөөдө кан төгүүнү токтотуу өтүнүчү айтылат. М.М.Хоментовскийдин катында белгиленгендей, Жантай Карабеков орус приставына сарыбагыш менен бугу урууларынын ортосундагы согуштун чыгышы жана ага Ормон хандын катышы туурасында кабарлап тургандыгы байкалат.