28- Сентябрь 1956 -жылы Америкалык авиаконструктор Уильям Боинг көз жумган
Америкалык авиаконструктор Уильям Боинг 74 жаш курагында жүрөк оорудан каза тапкан.
Дүйнөлүк авиацияга зор салым кошкон америкалык инженер Уильям Боинг 1881-жылы 1-октябрда машине куруу менен атагы чыккан АКШнын Мичиган штатындагы Детройт шаарында төрөлгөн. Йель университетин аяктаган соң ал атасы менен жыгач сатып иштейт. Лос-Анжелестеги авиаторлордун чогулушуна 1908-жылы катышкандан кийин ал аэроплан курууга баш-оту менен кирип кеткен.
Боинг досу Конрад Уэстервельд экөө B&W сууга конуучу жөнөкөй учакты үйүнүн жанында кураштырышат. Ал гидропланды алгач ирет учуруучу пилот кечигип, жаш Уильям Боингдин чыдамы кетип, учакты өзү асманга көтөрөт.
Америкалык конструктор 1916-жылдын 15-июлунда азыркы күнгө чейин атактуу “Боинг” компаниясын түптөгөн. Компания 12 жүргүнчүгө ылайык алгачкы учакты 1929-жылы учурган. Ошондон бери Уильям Боингдин компаниясы АКШнын гана эмес, дүйнөлүк авиациянын бирден бир лидери болуп саналат.
"Боинг" компаниясы учактардан тышкары ракета, чөлмөк, танк жана инженердик шаймандарды өндүрөт.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан