29- Сентябрь 1976 -жылы Украиналык футболчу Андрей Шевченко туулган
Украиналык футболчу Андрей Шевченко Киевтеги Яготинский районундагы Дворковщина айылында туулган. Жаш кезинен футболго шыктуу болгонуна карабастан, Андрейдин футбол менен машыгуусуна үй-бүлөсү каршы болгон. Атасы Николай аскер адамы болгондуктан, Андрейди да армия жашоосуна көндүрүп, андан мыкты аскер кызматкерин чыгарууну тилеген. Бирок Андрей баары бир көздөгөнүн берген эмес. Биринчи классты аттагандан тарта классташтары менен топ тээп, футболдун кызыгына азгырылып калган. Ал катышкан турнирлердин биринде Киевтеги "Динамо" балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин машыктыруучусу Александр Шпаков жаш өспүрүмдүн футболго болгон ынтызарлыгын байкап, өзүнө чакырган. Андрейдин ата-энеси баласынын футбол менен машыгуусуна каршы чыкканда Александр Шпаков аларды көндүрүп, Андрейдин таланты бар экендигине, андан мыкты футболчу чыгарына ынандырган. Ошондон баштап Шевченко футбол менен профессионалдуу түрдө машыгууга өтөт. 1991-жылы Украинанын өспүрүмдөр арасында өткөн биринчилигинде Андрей ойногон "Динамо" командасы өлкө чемпиондугун утуп, Шевченко чоң ийгиликке багыт алып, Украинанын мыкты бомбардири деген наамдарга татыйт. 1998-1999-жылдардагы Чемпиондор лигасынын кармаштарында "Динамо"финалга чыга алган эмес. Ошентсе да, Шевченконун оюну италиялыктарга жагып, "Милан" клубу 27 миллион 500 миң долларга Шевченко менен келишимге кол коёт. Ал алгачкы оюндарда эле голдорду жаратып, сезон ичинде 24 гол киргизген. Мындай көрсөткүч Шевченкого Италиянын мыкты бомбардири деген наам тартуулайт. Ал тургай 2004-жылы эң даңктуу делген "Алтын топ" сыйлыгына арзыган. Италиялык клуб үчүн катарынан жети жыл оюн көрсөткөн соң Шевченко клубду алмаштыруу максатында "Челси" менен 30 миллион фунтка келишим түзүп, англиялык команданын курамында оюн көрсөткөн. Бирок "Челсидеги" эки жыл Шевченко үчүн көп ийгилик тартуулаган эмес. Бул аралыкта Андрей белден оор жараат алып, эки ирет операцияны башынан өткөргөн. Эки жылдан соң "Челсинин" расмий сайты Шевченконун "Миланга" кайтып бараарын жарыялайт. 2008-жылы Шевченко италиялык клубка келген соң УЕФА кубогунда оюн көрсөтүп, бир нече голдорду киргизген менен бул клубда көпкө кармалган эмес. Анткени, "Миландын" жетекчилиги команданын курамын жашартарын эскерткен. "Миландан" кеткен соң Андрей кайра эле Украинага келип, киевдик "Динамо" менен келишим түзгөн. Ошондон баштап Шевченко "Динамо" менен улуттук команданын курамында ойноп калган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан