Акын, драматург, жазуучу, котормочу жана коомдук ишмер Асан Жакшылыков Нарын районундагы Миң-Булак айылында туулган.
1968-жылы Фрунзе политехникалык техникумун, 1976-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун, 1985-жылы Москвадагы Жогорку адабий курсун бүтүргөн;
1968-1970-жылдары Нарын районундагы Куйбышев атындагы колхоздо гидротехник; 1970-1974-жылдары ошол эле колхоздо комсомол уюмунун катчысы, ЛКЖС БКда жооптуу кызматта иштеген;
1974-1983-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун жаштар менен иштөө секциясынын жетекчиси;
1986-1989-жылдары СССР адабий фондунун Кыргызстандагы бөлүмүнүн директору;
1989-1991-жылдары IX Курултайда Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчысы;1991-1995-жылдары 1-катчысы, 1995-1996-жылдары Аткаруу комитетинин төрагасы;
1996-жылдан Кыргыз мамлекеттик улуттук телерадиокомпаниясынын "Рух" продюсердик борборунун директору;
1997-жылы "Обо" гезитинин башкы редактору болгон.
Алгачкы ырлары 1963-1964-жылдары республикалык басма сөздөргө жарыялана баштаган. "Таңдын ырахаты" аттуу туңгуч ыр жыйнагы 1969-жылы "Кыргызстан" басмасынан жарык көргөн.
А.Жакшылыков 1977-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. 2007-жылдан Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, 1979-жылы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын, 2008-жылы Аалы Токомбаев атындагы сыйлыктын лауреаты болгон. 1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери, 1992-жылдан Маданият жана искусство академиясынын, Акындардын дүйнөлүк конгрессинин мүчөсү (штаб квартирасы Вашингтондо). 1999-жылдан Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги.
А.Жакшылыков А.С.Пушкиндин, Р.Тагордун, Л.Леоновдун, Э.Межелайтистин, Г.Эминдин, Б.Олейниктин, Абайдын, М.Смеляковдун ж.б. акындардын чыгармаларын кыргызчага которуп, алар "Тандалмалар" китебине киргизилген.
А.Жакшылыковдун чыгармачылыгын изилдеген атайын "Асан чакырык" аттуу макалалар жыйнагы 2005-жылы жарык көргөн. Көптөгөн ырларына обондор жана романстар жазылган.
Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин грамотасы, Ардак грамотасы, "Манас–1000" эстелик медалы менен сыйланган.