25- Ноябрь 1985 -жылы
ырчы Мирбек Иманбеков төрөлгөн
"Таластык кыз" ыры менен сахнага кадам таштап, тез убакыттын ичинде көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган кыргыз эстрада ырчысы Мирбек Иманбеков Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Чоң-Кара-Буура айылында төрөлгөн. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институтунун хордук дирижёрдук бөлүмүндө (ОХД) окуган. Ал "Сүйүүнүн керемети", "Секелегим", "Түн чүрөгү" сыяктуу ырлардын аткаруучусу.