21- Октябрь 1945 -жылы
Орусиялык актёр жана режиссёр Никита Михалков туулган
Орусиялык актёр жана режиссёр Никита Михалков Москвада туулган. Ал 1956-1959-жылдары Москва консерваториясынын алдындагы Борбордук музыкалык мектепте фортепиано классында окуган. 1963-жылы Щукин атындагы театралдык училищеге тапшырып, 1966-жылы тасмага тартылгандыгы үчүн окуудан чыгарылган. Себеби ал окуу жайда окуган студенттерге окууну аяктагыча тасмага тартылууга тыюу салынган. Кийин ВГИКтин режиссёрлук факультетинин экинчи курсуна отуруп, аны 1971-жылы аяктаган.
Никита Михалков актёр катары 14 жашынан тартып тартыла баштаган. Ал эми режиссёр катары "Утомлённые солнцем", "Статский советник", "Жмурки", "Сибирский цирюльник", "Ревизор" ж.б. тасмаларын тарткан.