30- Октябрь 1960 -жылы Аргентиналык футболчу Диего Марадона төрөлгөн
Аргентиналык футболчу Диего Марадона Буэнос-Айрес шаарында туулган. 7 жашка толгондо спортко баш оту менен кирип, футбол талаасында көрүнүктүү оюн көрсөтө баштаган. 16 жашында өлкөдөгү чемпионатта "Аргентинос Хунирос" командасы үчүн алгачкы оюнун көрсөтө алган. Анда 16 номердин алдында оюндун экинчи бөлүгүндө венгриялыктарга каршы 20 мүнөт оюн курган.
1982-1984-жылдары "Барселона" клубунда эки сезондо иш алып баруу менен биргеликте 36 оюнга катышып 22 гол уруп клубдун намысын коргой алган. 1984-жылы Италиянын "Папаны" клубу Марадонага 7,6 миллион доллар сунуш кылышкан. Напалинин намысын коргоп 30 оюнга катышып, 14 гол киргизүү менен дал ушул команданын мыкты чабуулчусу деп табылган.
1986-жылы Аргентинанын курама командасынын машыктыруучусу Карлос Билардо өзүнүн жаңы командасын түзүү үчүн Марадонаны 1 айга Непалдан учуп келүүсүн суранат. Марадона өзүнүн мекенине, футбол командасы, эли-жери үчүн Билардонун сунушун четке какпай команданын лидери, капитаны болууга макулдугун берет. Ошол убактан тарта Диего Марадонаны көптөгөн эл кумир тутушуп бул футболчу жок футбол оюндарын элестете албай калышкан.
1991-жылы 29-мартта "Напали" жана "Бари" матчтарынан кийин Марадона бангизат колдонуп жүргөнү белгилүү болуп, ушул убакка чейинки жетишке ийгиликтеринен айрылып каларда футболчу мындан кийин мындай кадамга барбасын, өзүн колго алаарын суранып кайрадан оюнун уланткан.
1992-жылы июнда "Напалиге" кайтып келип 188 матчта 81 гол киргизүү менен кадыр баркка ээ болгон.
Төртүнчү жана акыркы сапарга аттанган Марадона гректер менен болгон оюнда 4:0 эсеби менен утушка жетип, ишенимдүү 2:1 эсебиндеги жеңиш менен нигериялыктарды артта калтырган. Бирок өзү менен дагы эле баңгизат алып келгени билинип, биротоло футболчулардын тизмесинен чийилип, кара тизмеге кирип калган. Ал эми 1995-2000-жылдары футболго кайтып келүүнүн жолун издеп, бирок жыйынтык чыккан эмес.
Кийин телекомментатор, машыктыруучу болуп иштеп, тасмаларга да тартылганга үлгүргөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан