21- Октябрь 1924 -жылы Бүткүл орусиялык Борбордук Аткаруу комитети Кара-Кыргыз автономиялык облустук революциялык комитетинин курамын бекитип, жетекчилигине Иманаалы Айдарбеков дайындалган
Бүткүл орусиялык Борбордук Аткаруу комитети Кара-Кыргыз Автономиялык облустук революциялык комитетинин курамын бекиткен. Кара Кыргыз Автономиялык ревкомунун жетекчилигине Иманаалы Айдарбеков дайындалып, жаңы облустун борбору катары Жалал-Абад белгиленген. Бирок ал жерде облустук администрациянын иши үчүн имараттын жоктугунан, жетекчилик ошол убакта ТурЦИКтин экинчи Кеңеш Үйү аталган ташкенттик мейманканага жайгаштырылган. Кыргыз Автономиясынын ревком жетекчилиги облустук борбордун декабрь айында Пишпек шаарына жайгаштырылышына чейин Ташкент шаарында жашап турган. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан