25- Ноябрь 1867 -жылы Альфред Нобель динамитке патент алган
Альфред Нобель динамитке патент алган. Нобель бул ачылышын жарнамалоо иретинде эл алдына алып чыгып иш жүзүндө көргөзүп, анын кандай иштей тургандыгы тууралуу лекцияларды окуган. Жыйынтыгында анын бул ачылышына көптөрдүн кызыгуусу арта баштайт. Кийин ММКларда аны "жарылуучу өлүмдүн сатуучусу" деп жаза башташкан. Анын бул баалуу ачылышы адам баласына пайда эмес зыян, өлүм алып келгендигин көрүп, күнөөсүн жууш үчүн "Нобель" сыйлыгынын фондун негиздеген. Ал өмүрүнүн акырында мурасынын көпчүлүк бөлүгүн дал ошол фондго бөлүп, ал 31 миллион кронду түзгөн. Альфред Нобель азыркы күнгө чейин ал күнөөсү үчүн төлөп келет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан