25- Ноябрь 1915 -жылы Чилинин диктатору Аугусто Пиночет туулган
Аугусто Хосе Рамон Пиночет Угарте Чилинин Вальпараисо аттуу шаарында туулган. Ал 1973-жылы кандуу төңкөрүштөн улам бийликке келген. Чилини 1974-1990-жылдары башкарып, диктатор катары көпчүлүктүн эсинде калган.
2006-жылы 90 жаштагы Пиночетке күнөөсүз адамдарды өлтүргөн, 1973-1990-жылдары “Вилла Грималди” деп аталган жашыруун түрмөдө кыйноолорду колдонгон, адам укуктарын тебелеп-тепсеген деген айып коюлуп, үй камагына алынган. Ал убакытка чейин Пиночет ден соолугунун начар абалына байланыштуу кылмыш жазасынан кутулуп келген. Пиночет 91 жаш курагында Сантьягодо жүрөк талмасынан каза болгон. Ал каза болгондо миңдеген чилиликтер кубанып, демонстрацияга чыгышкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан