29- Ноябрь 1929 -жылы
Кыргыз жазмасын латын алфавитине өткөрүү боюнча чечим кабыл алынган
Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин Президиуму кыргыз жазмасын реформалоо иши соңуна чыккандыгы туурасында чечим кабыл алган. Атайын уюштурулган жумушчу комиссиясы кыргыз жазуусун араб графикасынан латын алфавитине көчүрүү ишин бүткөрүп, анын натыйжасында жазма маданиятка латын тамгасы киргизилген.