15- Декабрь 1966 -жылы Америкалык сүрөтчү, кинорежиссёр-мультипликатор Уолт Дисней каза болгон
Америкалык сүрөтчү, кинорежиссёр-мультипликатор Уолт Дисней 65 жашында Лос-Анжелесте каза болгон
Уолт Дисней 1901-жылы 5-декабрда көп балалуу үй-бүлөдө туулган. Атасы Элиас Дисней үй-бүлөсүн багуунун айласын издеп, майда-барат курулуш иштери менен иштечү. Ал эми апасы Флора үй тиричилиги менен алектенип, атасынын жумушуна да жардамдашчу. Уолттун ата-энеси канчалык эмгектенишпесин, жарды турмуштан арыла алышкан эмес. Беш баланы багуу Элиаска кыйын болгон. Ошондуктан балдардын улуусу Уолт кол арага жараган күндөн тартып иштей баштайт. Ал атасынын фирмасына тиешелүү каттарды күнү-түнү ташып, тапкан акчасынын баарын атасына берген. Уолт атасы бөлүштүргөн жумуштан тышкары кошумча иштеп, анын акчасын атасына билгизбей өз керегине жумшачу. 
Диснейлердин үй-бүлөсү Марселин шаарчасында жашаган. Бул шаарчанын көпчүлүк эли Уолтту жакшы таанышчу. Анткени Уолт куудулданып, көңүлдүү жүрөр эле. Ал кичинесинен сүрөткө кызыгып, жети жашынан баштап өзү тарткан комикс сүрөттөрүн сатып акча тапкан. Мектептин дубал гезитин чыгарып жүрүп, кийин гезит карикатурасынын курсун окуп бүтүргөн. Бардык башка жарды үй-бүлөлөр сыяктуу эле Диснейлердин үй-бүлөсү да Канзас Сити шаарына жумуш табуу үмүтү менен көчүп келет. Ал жакта Уолттордун үйүнөн көп алыс эмес жерде кооздолгон, заңгыраган үй турар эле. Уолт бул үйгө абдан кызыгып, бийик чеп менен тосулган үйдүн айланасында тегеренип жүрө берчү. Бир жеринде жылчык болсо, эптеп короого кирип, ичин бир көрүп чыксам деп кыялданат. Бирок, тилекке каршы, анын эч бир жеринен кирүүгө мүмкүн эмес болгон. Ошондо ал "кийин чоңойгондо сөзсүз балдар ойногонго ылайыктуу бакчасы бар үй курам" деп сөз берет. Анын бул тилеги туура кырк жыл өткөн соң иш жүзүнө ашып, "Диснейлендди" курган.  
Көксөгөнүнө жетүү. Уолттун бала чагындагы кумири Чарли Чаплин болгон. Анын ашык акчасы боло калса эле кино көргөнү жөнөп калат. Кинотеатрдан чыкканда Чарлинин басканын туурап, дос балдарын күлдүрөт. Уолтко анын мугалимдери да, жоро-жолдоштору да "актёрлукка шыктуусуң" деп көп айтышчу. Ал 1918-жылдын күз айларында өз ыктыяры менен аскер кызматын өтөөгө барат, бирок али жашы жете электигине байланыштуу аны бөлөк жакка, Кызыл Крест коомуна "Тез жардам" машинасынын айдоочусу кылып жөнөтүшөт. Ал жерде туура бир жыл иштейт. Диснейдин машинасы тез эле элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болот. Себеби анын тышына күлкүлүү сүрөттөрдү тартып алган. Согуш аяктаган соң Канзаска кайрадан кайтып келип, жарнак агенттигинде сүрөтчү болуп иштейт. Арадан жылдар өтүп, Уолт эми өзүнүн шыгына жараша ылайыктуу жумуш издеп Голливудга жөнөйт. Ал мультфильмдин режиссёру болууну каалайт. Бирок өзү эңсегендей жумушка орношо алган жок. Уолт көздөгөн максатына кандай гана жол болбосун жетүүнү каалап, таякеси Роберттин гаражын ижарага алат. "Анын акчасын качандыр бир кезде акчам болуп калса төлөп берем" деп сөз берет. Ал гаражга иниси Ройдон карызга алган акчага (250 доллар Ройдун үлүшү, жалпы карызы 500 доллар болчу) сатып алган эмеректерди, сыр-кыл калемдерди, прожекторлорду орноштуруп, мультфильм жаратууга камданат. Рой болсо анын компаньону болот. Эми экөө биригип мультфильм студиясын түзүшүп, аны "Дисней Бразерз студиясы" деп аташат. 
"Рой ал акчаны кайдан алган?" деген суроо туулбай койбойт. Ошол кезде Рой кургак учук менен ооруп, жаңыдан сакайып келаткан. Уолт болсо инисин ооруканадан эртерээк чыгып, анын дарылануусуна бөлүнгөн калган акчаны алуусун өтүнөт. Мына ошол акча менен студия түзүшөт. Алар өп-чап тамактанып, эптеген жашоолоруна деле кайыл болушуп, өжөрлөнө иштешет. Акыры эмгегинин акыбети кайтып, "Алиса в стране чудес" аттуу биринчи мультфильми жаралат. Анын акысына болор-болбос акча алышып, эми студиянын атын өзгөртүүнү чечишет. 1923-жылы 16-октябрда Уолт Дисней нью-йорктук дистрибьютор Маргарет Уинклер менен келишимге кол коёт. Мына так ушул датаны азыркы "WaIt Disney Соmpany" жаралган күн деп атаса болот. 
Жетишкендик. "Алиса" төрт жыл катары менен тартылган соң, бөлөк каарман ойлоп табуу зарылчылыгы келип чыгат. Көп узабай эле Уолт жаңы каарман - тентек коёнек Освальдды жаратат. Ал учурда ишенчиликтүү деген адамы Маргарет Уинклер анын кол астында иштеген сүрөтчүлөрүн азгырып, бир жыл ичинде 26 сериясы тартылган "Коёнек Освальддын жоруктарын" өз алдынча, авторсуз чыгара баштайт. Бул соккудан кийин гана Дисней келишим туура эмес түзүлгөнүн билет. Көрсө, ал контракт боюнча Уолт жараткан мультфильмдердин автору катары Уолт эмес эле, Маргарет Уинклер эсептелет экен. Анын алдында башка каарманды ойлоп табуудан бөлөк эч кандай арга калган эмес. Ошентип, азыркы учурга чейин балдардын гана эмес, чоңдордун да сүймөнчүгүнө ээ болгон атактуу чычкан Микки Маусту ойлоп табат. "Микки Маустун" алгачкы эки сериясы үнсүз болгондуктан, бул жолку аракети ийгиликсиз аяктайт. Көп өтпөй эле 1927-жылы үнү бар кинолор тартыла баштайт. Уолт өзүнүн кесиптештеринин тажрыйбасын тез эле үйрөнүп, "Микки Маустун" үчүнчү сериясын 1928-жылы 18-ноябрда үн кошуп тартат. Эми Микки Маус жөн гана сүйлөбөстөн, ырдап да чыга баштаган. Ошол эле учурда "Микки Маус" менен катар "Глупые симфонии" аттуу мультфильми да чыгат. Анын өзгөчөлүгү улам жаңы сериясында башка каармандардын пайда болуп турушу эле. Уолт так ушул мультфильм үчүн 1932-жылы биринчи "Оскарды" жеңип алат. Ошентип, согуш мезгилине чейинки он жыл ичинде Уолттун мультфильмдери ар жыл сайын бирден "Оскар" менен сыйланып олтуруп, 29 сыйлык алууга үлгүрөт.
Үй-бүлөсү. Уолт өзү менен чогуу иштешкен Лиллиан Баундсга үйлөнөт. Лиллиан Уолттун студиясына жумушка орношкон күндөн тартып эле өзүнүн "боссун" жактырып калат. Ошондуктан Уолт Лиллиандын колун сураганда анын сунушун чоң кубаныч менен кабыл алат. Лиллиан менен Дисней алгач баш кошкон жылдары нечендеген кыйынчылыктарды көрүшөт. Батирден батирге чыгып жашашат. Акыры 1927-жылы кенен, заңгыраган үйгө да жетишет. Бирок экөөнүн ортосунда бала жок болгондуктан, Лиллиан өзүн жаман сезип жүрөт. Уолт ага маани деле бербейт. Акыры Лиллиандын эңсеген тилеги орундалып, 1933-жылы Дайана аттуу кыздуу болушат. Ага чейин эки жолу боюнан түшөт. Диснейдин каттарына таянсак, ал мындай кубанычтуу күндү адаттагы окуя катары кабыл алып, сүйүнгөн деле эмес. Дайанадан кийин 1937-жылы экөө акылдашып, дагы бир кыз багып алышат. Анын атын Шэрон Мэл Дисней деп коюшат. 
Ийгиликтен ийгиликке. Айтмакчы, мультфильмдердин каармандары түзмө-түз акчалай сыйлык гана алып келбестен, бөлөк жолдор аркылуу да киреше алып келерин Уолт ал кезде биле элек болчу. Күндөрдүн биринде нью-йорктук бир ишкер Диснейге 300 доллар төлөп, Микки Маустун сүрөтүн калем сапка түшүрүүгө уруксат берүүсүн өтүнөт. Ошол күндөн тартып Микки Маустан бөлөк каармандарынын сүрөттөрү да бардык жерде: тарелка, тиш щётка, сүлгү, дептер, конверт, дубал кагаздардын беттерине түшүрүлүп чыга баштайт. Эми Уолт Диснейдин студиясы кеңейүүнүн үстүндө гана болот. Ал дагы бир нече мультфильмдерди жаратат. "Микки Маус" америкалыктарды гана эмес, бүтүндөй Европа элинин сүймөнчүлүгүнө ээ болот. Андан тышкары экрандардан "Дональд Дак", "Плуто күчүгү", "Акылы кем Гуфилер" көрсөтүлүп, элдин жүрөгүнөн орун алат. Дисней болсо "Колумбия Пикчерс", "Юнайтед Артист" компаниялары менен келишим түзөт. 1934-жылы Уолт Дисней биринчилерден болуп толук сюжети бар "Белоснежка и семь гномов" мультфильмин тартарын айтат. Бирок аны колдогон адам жокко эсе болгон. Себеби ал болгону мультфильм, анда актёрлор роль аткарбагандан кийин ага эч ким кызыкпайт деп эсептешкен. Диснейдин көшөргөн көктүгү болуп көрбөгөндөй ийгилик алып келген. Бул мультфильмди тартууга үч жыл убакыт жана 1.489 миллион доллар сарпталган. Анткен менен бул мультфильм узак мезгилге чейин эң өтүмдүү болуп, ага сарпталган каражатты он эсе актаган. 40-жылдары тартылган "Биноккио", "Фантазия", "Думбо", "Бемби" фильмдери Экинчи дүйнөлүк согуш башталган учурга туура келип, анча ийгиликсиз болгон. "Бардык жаман нерсе качандыр бир кезде аяктайт" дегендей, 1954-жылдан тартып "Disney Company" жаңы телекөрсөтүүлөрдү уюштуруп, сыналгыдан эң алгачкылардан болуп чыгышат. Диcнейдин "Диснейленд" сериалы америкалыктардын экрандарында 29 жыл тынымы жок көрсөтүлгөн. 
Акыркы жылдары. Уолт чыгармачылыгына кандайдыр бир өзгөртүү киргизсем деп ойлонот. Ошондой күндөрдүн биринде ал кыздарын сейил бакка алып чыгат. Ал жерден Америкада чоңдор үчүн да, балдар үчүн да убакытты кызыктуу өткөрө турган жер жок экенин сезет. Ошентип, ал бала чагындагы кыялын иш жүзүнө ашырууну чечип, биринчи "Диснейлендди" курат. Ал 1955-жылы 17-июлда Калифорния шаарында ачылат. Ага 17 миллион доллар жумшалган. Бул паркка алгачкы 25 жыл аралыгында 200 миллион киши барган. Уолт Дисней 1966-жылы каза болгондон кийин анын ордун иниси Рой ээлеп, "Wait Dishey Company`ни" 1971-жылга чейин башкарган. Анын көзү өткөндөн кийин компанияны үч киши: Кард Уокер, Донн Тэйтум жана Рон Миллер жетектейт. Уолт Дисней өзүнөн кийин көптөгөн идеяларды, долбоорлорду иш жүзүнө ашырбаган бойдон калтырган. Мына ошол идеялар менен анын компаниясы дагы он жыл бою эч кандай баш оорусу жок иштеген. Диснейдин көзү өткөндөн кийин Манхэттен шаарында 1971-жылы "The Walt Disney World" деген парк ачылат. 1983-жылы Токиодо, 1992-жылы Парижде "Диснейленддер" пайда болот. Азыркы учурда бул компаниянын байлыгы 23.4 миллиард долларды түзөт. Дисней империясында 120 миңден ашык адам эмгектенет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан