25- Ноябрь 2008 -жылы Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри болуп Ильяс Давыдов дайындалган
Өлкөдөгү энергетикалык каатчылык күчөп турганда, өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков кызматынан кол жууп, анын ордуна ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен Ильяс Давыдов дайындалган. Ильяс Давыдов буга чейин "Улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунда директордун орун басары болуп иштеген. Ал эми Сапарбек Балкыбеков 26-ноябрда "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору болуп дайындалган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан