25- Ноябрь 2005 -жылы Англиялык авто жарышчы Ричард Бёрнс көз жумган
Ралли боюнча дүйнөнүн чемпиону, англиялык авто жарышчы Ричард Бёрнс көз жумган.
Ричард Бёрнс 1971-жылы 17-январда Англияда төрөлгөн. Ричард Бёрнс сегиз жашынан унаа айдаганды билген. Он бир жашында он жети жашка чейинкилердин автоклубуна кирген. Алгачкы жолу 1988-жылы ралли жарышына чыккан. Ралли боюнча 1999-жылдын жана 2000-жылдын вице-чемпиону, 2001-жылдын дүйнө чемпиону болгон. Ричард спорттон 2004-жылы рак оорусун дарылоо үчүн кеткен. Бирок ооруну жеңе албай, 34 жашында Лондондо каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан