25- Ноябрь 2009 -жылы окумуштуу Абдыкадыр Орусбаев каза болгон
Окумуштуу, филология илимдеринин доктору (1991), профессор (1992) Абдыкадыр Орусбаев каза болгон.
Абдыкадыр Орусбаев 1937-жылы 8-декабрда Чүй облусунун Калиновка айылында төрөлгөн. Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1999), Эл аралык А.С.Пушкин атындагы алтын медаль менен сыйланган (1995). Кыргыз өлкөсүндө биринчи болуп 1980-жылдары жалпы тил илиминдеги социолингвистика багытын баштаган жана аны андан ары өнүктүргөн. 1956-жылы орус мектебин бүтүрүп, Караколдогу (мурдагы Пржевальск) институтка (азыркы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети) кирип, орус тили, адабияты жана немис тили адистиги боюнча мугалим болуп чыгып (1962), азыркы Нарын (ошол кездеги Тянь-Шань) облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Кош-Дөбө орто мектебиңде мугалим болуп иштеген.
1964-жылы Каракол пединститутунун азыркы орус тили кафедрасына окутуучулукка чакыртылат, андан кийин Кыргыз илим изилдөө педагогика институтунун "Орус тили секторунда" илимий кызматкер болуп иштейт. 1967-жылы КМУнун орус тили кафедрасында окутуучулук кызматта жүрүп, СССР Илимдер академиясынын Тил таануу институтунун күндүзгү бөлүмүнө аспирантурага өтөт. "Киргизская акцентуация" деген темада профессорлор Э.В.Сезортян жана Л.Р.Зиндердин жетекчилиги менен кандидаттык диссертация коргогон. 1971-1973-жылдары Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда лаборант, кенже илимий кызматкер, "Эксперименталдык лингвистика" лабораториясынын башчысы болуп иштеген. Аталган институтта иштеп жүргөн мезгилде келишим менен Алжир Демократиялык Республикасынын Оран университетинде Орус тили департаментинин башчысы жана орус тилчиси болуп үч жыл иштейт (1976-1979).
Алжирден кайтып келгенден кийин он бир жыл бою (1979-1989) Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда директордун илим боюнча орун басары болуп иштеп жүрүп, илимий изилдөө иштерин социолингвистика маселелерге багыттаган. Кош тилдүүлүк, тилдердин жашоо формасы, кызматы жана алардын колдонуу чөйрөсү, тил саясаты жана тилди башкаруу маселелерине көңүл бөлгөн. Бул багытка арнап китеп, бир нече макала, "Русское слово в Киргизии" (1984) деген эмгекти жарыялап, бул китеп СССР Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүндө коло медалга татыктуу болгон.
1991-жылы "Функциональная дистрибуция языков" деген темада докторлук диссертациясын коргогон. 1989-жылы Тилдер жана гуманитардык илимдер институтунун илимий иштер боюнча ректордун орун басары болуп которулат да, анда "Азыркы орус тили" курсунун "Фонетика" бөлүмүнөн сабак берет. "Социолингвистиканын Кыргыз Республикасындагы бөтөнчөлүгү" деген темада атайын курс окуган. 1993-жылы июнь айынан тарта Бишкектеги Кыргыз-Славян университетине кенже ректор болуп дайындалат. Орусия илимдер академиясынын Адабият жана тил бөлүмүнүн алдындагы "Тил жана коом" деп аталган илимий кеңештин мүчөсү. 
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгын ыйгаруу боюнча комитеттин, "Эне тил" коомунун, "Кыргызстан-Орусия" достук коомунун жана "Немец маданиятынын борбору" коомунун мүчөсү болгон. Бир топ эл аралык, мамлекеттик конгресстердин, симпозиумдардын, конференциялардын активдүү катышуучусу. Эмгектери кыргыз мамлекетинен тышкары, чет өлкөлөрдө жарык көргөн, 4 китептин автору, ондон ашык жыйнактарды редакциялаган, 250дөн ашык илимий жана илимий-таанытма публицистикалык эмгектердин автору. 1989-жылы "Кыргыз ССРинин Мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзам жазууда комиссиянын мүчөсү катары үзүрлүү салым кошкон. 2002-жылы Кыргыз Республикасында официалдуу тил боюнча мыйзам чыгарууда орус тилинин улуттар аралык дүйнөлүк коммуникацияда анын социалдык маданият таануу коомдук-саясий мааниси, өлкөбүздө көп улуттуу коомубузду чыңдоодо орус тилинин ролу жөнүндө бир топ эмгектерди жазган.
Эл аралык Информатизация академиясынын чыныгы мүчөсү (академиги), Орусиянын билим берүү министрлигиндеги Жогорку аттестация комиссиясынын (10.02,01. - орус тили адистиги боюнча) кандидаттык диссертация коргоо боюнча Регионалдык диссертациялык кеңештин төрагасы.
А.Орусбаев мурдагы СССР өлкөлөрүнүн, Кытай, Алжир, Япония, Германия, Индия, Англия жана башка мамлекеттердин окумуштуулары менен байланышта болгон. 1999-2000-ж.ж. Германиянын Лейпциг шаарындагы Илим жана билим академиясындагы Айхштет университетинде илимий чыңалуудан (стажировкадан) өткөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан